"Жалданмалар көптүңөр, жалааны жаап бирөөгө" | Айт Айт Десе | Акын

Эне каргышы Прокурорлор жалданып, Эксперттер алданып. Бийлик сөзүн сүйлөштү, Сотко келип алданып. Бийлик артын жалайм деп, Баттыңар го күнөөгө. Жалданмалар көптүңөр, Жалааны жаап бирөөгө. Камадыңар жалаа жаап, Карыянын жалгызын. Кудайымдын көзү түз, Кабыл кылсын каргышын. Эй, каракчы эксперт! Каргыш тийсин бүлөөңө! Жооп берип кал эртэрээк, Кылган ушул күнөөңө. Акка кара чаптадың, Арам болсун тапканың. Тентип калсын балдарың, Текке кетип бакканың. Кырсык келип башыңа, Какап өлгүн ашыңа. Сексендеги энемин, Сүзүп калгын жашыма. Патреондо колдогонуңузга чоң ырахмат   / ayt_ayt_dese   #кыргызстан #цензура #садыржапаров #ташиев #бийлик #жогоркукенеш #болоттемиров #акылбекжапаров #коррупция #уланниязбеков #сөзэркиндигинекысым #жетим-тоо #бизнес #жекеишкер Биздин фейсбук: https://www.facebook.com/profile.php?...
Биздин Тик-Ток:
Биздин Инстаграм: https://www.instagram.com/aytaytdese1...

Смотрите также