✅Ош шаарына 1000 көчөт отургузулууда

📆Ош шаары, 6-ноябрь ✅Ош шаарына 1000 көчөт отургузулууда 🔹Бүгүн Ош шаарына Өзбекстандан алынып келинген 1000 даана чынар теректин көчөттөрүн отургузуу иштери башталды. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев катышып, көчөт отургузууну баштап берди. 🔹Жаңы көчөттөр быйыл капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн көчөлөрдүн жээктерине отургузулат. Бул аракеттер шаарды жашылдандыруу жана экологиялык абалды жакшыртуу максатын көздөйт. __________________________ Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия

Смотрите также