Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
"Ашар" коомдук бирикмесинен үй алабыз деп алдандык деген 60 киши арызданууда. Иш учурда Октябрь райондук сотунда каралууда. Фонддун директору Алиакбар Каныбек уулун президенттин жана анын уулу Рустам Жапаровдун атын жамынып элди алдаган деп милиция кармаган. Мунун схемасы мындайча болгон: Биз муктаждарга үй алып беребиз, 80 миң сом төлөп фондубуздун мүчөсү болуп, айына 4200 сомдон төгүп турсаңар бир жылдан кийин 3 млн. сом аласыңар. Ан-набби деген арабды таптым, ал ушундай карымдуулук кылат деген. Бирок 2 жылдан ашык күтүп бир да адам убадалаган сумманы алган эмес. Тескерисинче ар кандай жүйө менен кошумча акча чогулта берген. Бул ишти карап жаткан судья Каныбек Исажанов тараптардын баары макулдугун бергенине карабай сот процессин видеого тарттырбай койду.