Ишенимдин Пайдубалы 6-сабак Андрей Петерс

Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот: Сайт:
Instagram:   / jakshykabar   Facebook:   / jakshykabarmedia   Twitter:   / jakshykabar   Эми, Топон суудан кийин, адамзат тарыхынын жаңы үзүндү башталды, биз бул алтынчы сабагыбызда Топон суудан кийин эмне болгондугу жөнүндө карайбыз. Кимдир бирөө мындай деп айткан экен : өткөн нерсени өткөнгө караганда, жашоону жаңы барактан баштоо алда канча жеңилирээк, биз адамзат Топон суудан кийин жашоону жаңы барактан баштаганы менен, бирок, тилекке каршы, табияты ошол эле бойдон калганын көрөбүз.биз Бабыл мунарасы жөнүндөгү окуяны караганга чейин Башталыш 9: 20-29 аятты окуйбуз. 20Нух жер иштетип, жүзүмзар отургузду. 21Ал шарап жасап, андан ичип мас болуп, өз чатырында жылаңач жатты. 22Атасынын жылаңач жатканын Канаандын атасы Хам көрүп калып, сыртка чыгып, эки бир тууганына айтты. 23Шем менен Жепет болсо кийим-кечек алып, ийиндерине салып, арты менен барып, атасынын жылаңач денесин жабышты. Алар тескери карап тургандыктан, атасынын жылаңач этин көрүшкөн жок. 24Нух ичкен шарабынан соолугуп тургандан кийин, кенже уулунун эмне кылганын билип калып, мындай деди: 25«Канаанга каргыш тийсин! Ал өз бир туугандарынын алдында эң төмөнкү кул болсун» 26Анан дагы мындай деди: «Шемдин Кудай-Теңирине алкыш! Канаан анын (Шемдин) кулу болсун. 27Кудай Жепетти жайылтсын, ал Шемдин чатырларында жашасын. Канаан болсо анын кулу болсун». 28Нух топон суудан кийин үч жүз элүү жыл жашады. 29Нух бардыгы болуп тогуз жүз элүү жыл жашап көз жумду. Бул жерде, Нухтун мас болуп калгандыгы тууралуу,жагымсыз окуяны мен түшүндүрө кетейин, албетте ал аракеч бологн эмес бул окуяны түшнбөй шылтоо издегендерге мен жооп берип коеюн, эмне үчүн Нух мас болгуча ичти? Адамдар жүзүмзарларын топон сууга чейин эле өстүрүшкөн, бирок тоопн сууга чейин аба ырайы такыр башка климат болгон, күн такыр башкача тийип турган, анткени атмосферанын өйдө жагындагы стратосферадагы суу кыртышы болгон, Кудай ошол суу кыртышын атмосферанын өйдө жагына жайгаштырган. Атмосфера деген бул болжол менен 11-12 километр аралыктагы кислород болгон аба кыртышы. Андан кийин абасыз стратосфера мейкиндиги башталат. эми болсо топон суудан кийин ал суулардын баары жерге түшкөндөн кийин. Күн жерге такыр башкача тийе баштаган. Албетте бул өзгөрүү жемштердин бышуусна да чоң таасир берген. Бүгүнкү күндө дагы төмөнкү далилдер бар: түштүктө ысык күндүн астында бышкан жүзүмдүн ширеси да башкача болот. Алардан жасалган шарап дагы түндүктө күн анча тийбеген жүзүм шарапка карагнда алда канча күчтүү болот. Нух, адаттагыдай эле, жүзүмзар отургузуп, ал бир нерсе өзгөрүп кетет деп ойлогон да эмес, ал топон сууга чейин деле жүзүм шарабын ичип жүргөн. Бирок бул шарап башкача болгон, анткени бул жүзүмзары жана аба ырайы күндүн нуру башкача болгон. Бул жүзүмдөр ушунчалык каныккандыктан анын шарабы дагы абдан күчтүү болгон. Ошондуктан ал адаттагынсындай эле ичип, мындай болуп кетет деп ойлогон да эмес. Чыгыш элдеринде ушул күнгө чейин жүзүм шарабын сууснудук катары ичип келишет, ошентип Нух эч ойлонбостон эле бул шараптан ичип алып, мас болуп жерге жатып уктап калды. Менин ойумча ал мынчалык мас болгусу деле келген эмес, бул жерде жүзүм шарабы ушунчалык күчтүү болгондуктан ал мас болуп уктап калган. Ошол убактагы кийимдер бүгүнкү күндөгүдөй шым, топчулама кийимдер , ич кийимдер болгон эмес. Ал убакта жөн эле кездемелерди оронуп алышкан. Жана алар ар дайым эле ушундай жүрүшкөн. Анткени күн ыссык тийип аба ырайы дайыма жылуу болгон. Мына ошондуктан Нух жүзүм шарабына мас болуп жатып калганда, кийими жөн гана оронмо болгондуктан, топчу колдонбогондуктан балким жел уруп же бир нерсе болуп ачынып калып Нухтун жылаңачтыгы көрүнүп калган эле. Мына ошентип анын жылаңачтыгын анын кичүү уулу көрүп калган. Эми эркектин жылаңачтыгын башка бир эркеке көрсө эмне болмок эле деген суроо жаралат?

Смотрите также