Кыргыздын улуу уулу-Исхак Раззаков

Өмүрү бир чети кайгылуу болсо, бир чети баатырдык мүнөзгө ээ. Кыргызстандын соңку жаңы тарыхында метеориттей жарк этип өткөн, жашоодо кайталангыс тагдыры бар Исхак Раззаков. Ал тарыхый эле фигура эмес, коррупция менен күрөштүн жышааны катары да элдин эсинде сакталуу. Мындай сыпатоо - Раззаковдун деңгээлиндеги саясий ишмерлерге өтө сейрек берилүүчү баа. Раззаковдун тушунда Москвадан кыргыз жергесиндеги элдин укуктары талашылган, мектептерде ысык тамактар берилген, кыргыз тили кыргыз эмес мектептерге киргизилген, кыргыз жаштарына окуу жайларда атайын квоталар бөлүнгөн. Анан да ЖОЖдор, Академия, театрлардын курулуусу, Өлкөдө бир канча ГЭСтер, темир жол жана авто унаа жолдорунун салынуусу, 1 жашка чейинки ден соолугу начар наристелерин сүт аралашмасы менен камсыз кылынуусу... Деги койчу бул киши, сөзүнөн иши көп жетекчилерден бири болчу. Элдин калың катмары аны “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот!” деген сөзүнөн башка эч нерсени билбейт. Буга Совет учурундагы кысымдар да себеп болгон албетте. Бирок Раззаков жөнүндө маалыматтарды билүүнүн кезеги эбак келип жеткен. Атүгүл өтүп да бара жатат. Раззаковдун ысымын үн чыгара атоо Кыргызстанда жана жалпы эле СССРде 1985-жылдан башталды. Ага чейин кудум мындай жетекчи болбогондой түр көрсөтүлүп келген. Ал өлгөндө бир да кыргыз гезити бармак басым бурчуна некролог берип койгонго жараган эмес. “Ак ийилет, бирок сынбайт!”демекчи, бир убактар бул киши тууралуу маалыматтарды жаап жашырышса да жок кылыша алышкан жок. Раззаковдун өлкөдө калтырган издери күн сайын бизге аны эстетип жатса аны тарыхтан кантип өчүрүп сала алышмак? Алышмак эмес. Бүгүн да анын бейнесин ачып бермекчибиз.

Смотрите также