Кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн курман болгон- Абдыкерим Сыдык уулу

АБДЫКЕРИМ СЫДЫК УУЛУ 4 ЖОЛУ ПАРТИЯДАН ЧЫГАРТЫЛГАН УЛУУ ИНСАН “Бир күнү мен иштеген кыргыз мамлекеттик медициналык институнун КПСС тарыхы кафедрасына бейтааныш бир киши телефон чалды. Ал киши: “Менин атам - Абдыкерим Сыдыковду реабилитациалоого жардам бериӊиз!”- деп суранды. Мен тактоо киргизүү ирээтинде Кыргызстандын компартия тарыхында “Эӊ кооптуу эл душманы” катары көрсөтүлгөн Абдыкерим Сыдыков жөнүндө сөз болуп жатабы деп сурадым. Ал “ооба” деп жооп кайтарганда, “бул такыр мүмкүн эмес, анткени сиздин атаӊыз компартиянын тарыхында кыргыз элинин эӊ коркунучтуу душманы катары көрсөтүлгөн”. Телефон чалган адам шашпай мындай дейт: “Ооба! Бирок сиз менин үйүмө келсеӊиз, атамдын документтерин көрсөтөөр элем. Алар сизди кызыктырат”. Мен макул болуп, анын үйүнө бардым. Ал жерде мен элестеткенден да чоӊ “табылгага” туш болдум. “Эл душманынын” уулу Эрк Сыдыков атасы Абдыкерим Сыдык уулунун өздүк документтерин жана сүрөттөрүн көрсөттү.”- дейт тарыхчы, юрист, саясатчы, профессор Зайнидин Курманов. Ушул окуядан кийин бул окумуштуунун Абдыкерим Сыдык уулунун өмүр баянына жана ишмердүүлүгүнө кызыгуусу артып, аны тереӊ изилдей баштайт. Ар кандай тоскоолдуктарга карабастан гезит беттерине макалаларды байма-бай жарыялап, жыйынтыгында бүтүндөй бир китеп да жазганга жетишет. Учурда бул илимпоз кыргыздын чыгаан уулунун ишмердүүлүгүн кеӊири изилдеп чыккан окумуштуулардын катарын толуктайт. Өзүӊүздөр баамдагандай, бүгүнкү чыгарылышыбыз, төрт жолу партиядан чыгартылып кайра калыбына келтирилген, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн сап башында турган - Абдыкерим Сыдык уулу жөнүндө болмокчу.

Смотрите также