Балага чет тилдерди үйрөтүүнүн эң оңой ыкмасы

Ар бир ата-эне баласынын келечектеги ийгилиги үчүн баласы төрөлгөндөн тартып эле кам көрүп баштайт. Мектепте жакшы окуу, спорт менен машыгуу, музыкалык инструмент ойноо деген өнөрлөрдүн арасында баласынын чет тилдерин билүү дагы ата-энелердин каалоолорунун арасында. Бирок көпчүлүк бала мектепке барганга чейин көп деле нерсе үйрөнө албайт, билим берүү мектептин колунда деп балдарына көбүрөөк көңүл буруунун байкабай калат. Чындыгында балдар кичинесинен эле бир канча тилди өздөштүрүп, алмаштырбай, жаңылбай ар бир тилде өз алдынча сүйлөй алат. Бүгүнкү видеодо балдарга чет тилдерин кантип оңой үйрөтсө болот, мендеги кеңештер менен бөлүштүм. Силер дагы көрүп, балдарга тил үйрөтүү үчүн кандай кеңештериңер бар төмөндө бөлүшкөндү унутпагыла. Урматым менен, Айсулуу

Смотрите также