25-май 2023-жыл #9 М.Тешебаев "Акыркы коңгуроо" Субагожоев Жакыпбек Мойдуновичтин катышуусунда болду

Бүгүн 2023-жылдын 25-май күнү Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Субагожоев Жакыпбек Мойдунович жана Отуз-Адыр айыл өкмөт башчысы Каримов Медербек Абдурайымович менен N 9 М.Тешебаев атындагы орто мектебине 2022-2023 окуу жылынын аякташы, 25-май “Акыркы коңгуроо” аземине катышышты. Жакыпбек Мойдунович куттуктоо сөзгө чыгып окуу жылынын ийгиликтүү аякташы менен жалпы мугалимдер жамаатын, 11-9-класстарынын бүтүрүүчүлөрүн, 10-20-жылдык бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, келечекте эң зор ийгиликтерге жетишин каалады. Мектептин өнүгүүсүнө зор салымын кошкон мугалимдерге мындан ары талыкпай жаш муундарды окутуп-тарбиялай беришине тилектеш экенин билдирди. Ошондой эле жаңы курулуп жаткан мектептен кабар алып, абалы менен таанышты.

Смотрите также