Суукта тоңуп калдык/ 2 айда бүтүрөм деген убадасын аткарган жок/ УКМК "Асмага" чара көрөбү?

Бишкектин Абай көчөсүндөгү "Асма" курулуш компаниясынын турак жайы 3 жылдан бери бүтпөй турат. Быйыл 5-сентябрда барганыбызга директору Абдулатип Хашимов "2 айда толук бүтүрүп киргизем" деди эле. Тилекке каршы 6-ноябрда барсак алгылыктуу иш жасалган эмес. Жылуулук жок, светти эптеп тартып берген ал дагы тынбай өчө берет экен. Астыңкы кабаттын эшик, терезелери салынган эмес. Айласы кеткен 20дай үй-бүлө кирип жашап алыптыр. "Мындай суукта үшүп-тоңуп отурабыз" дешти. Курулуш министрлигине барганыбызда Архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин директору Эрназарбек Суеркулов арыздар УКМКга берилгенин айтты. Анда "Асма" компаниясынын директорун чакырганда "5-ноябрга чейин бүтүрөм" деп УКМКга да убада бергенин белгиледи. Мындан улам турак жайды текшерип "убадасын аткарган жок" деп министрликтин атынан кайрадан УКМКга кат жөнөтө турган болушту. Ал эми Абдулатип Хашимов менен байланышканыбызда Ошто жүргөнүн айтып жолугушууга келген жок. Үлүш ээлери бул компаниянын башында Мухамметкабыл Бакиров турарын айтышууда.

Смотрите также