Тургуналы Нурматов - Жымыңдайт жылдыз / Ретро / Текст

Көрүндүң мага көз кырың салып, Көңүлүм сага бурула калып. Сезимди козгоп кай жакка кеттиң, Асманда учкан жылдыздай жанып. Жымыңдайт жылдыз, Карайм жай гана. Супсак көрүнөт Сенсиз айлана. Карайм эмнеге, издейм эмне эле, Турмуштун таттуу сүйүүсү беле? Таттуу кыялга байланып жүрөм Күлгөнүң назик, чымырайт денем. Көрүндүң мага көз кырың салып, Көңүлүм сага бурула калып. Сезимди козгоп кай жакка кеттиң Асманда учкан жылдыздай жанып. #эстенкеткис #эскиырлар #кыргызча #мурас #ретро

Смотрите также