Тургуналы Нурматов - Насыят / Ретро / Текст

Тууган жакшы болсо, Таркабаган кумардай. Ийгиликке себепкер, Энең таккан тумардай. Тууган жаман болсо, Колуңда болсо коюңдай. Үзөңгүдөн бут тайса, Алкымдан алат моюндай. Коңшу жакшы болсо, Кубанычка бөлөнүп. Ырыс-кешик насипти, Бири-бириңе тартып. Коңшу жаман болсо, Сатканы саткан ушактап. Артыңдап сайып бычакты, Жүзүңдөн чыгат кучактап. Келин жакшы болсо, Туурга бакыт конгондой. Ынтымакка шериктеш, Сайкал себеп болгондой. Келин жаман болсо, Эл ичинде пас кылат. Душманыңды арбытып, Досторуңду кас кылат. Куда жакшы болсо, Пейилге бүткөн жан куда. Эки жашка нур чачкан, Караңгыда шам чырак. Куда жаман болсо, Көңүл муздак, сыйлабайт. Ортосуна суу чачып, Эки жашты ыйлатат. Жубай жакшы болсо, Жаманыңды жашырат. Ооруңду алып колуңдан, Оюңду ишке ашырат. Жубай жаман болсо, Каарына калып Кудайдын. Сенден сырын жашырат, Башыңа салып убайым. Жакшы менен жамандык, Бирге жүрөт жанашып. Биз жүрбөйлүк турмушта, Жолубуздан адашып. #эстенкеткис #эскиырлар #кыргызча #мурас #ретро

Смотрите также