Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
✅Кең-Сай конушунда жаңы көмөк чордону ишке берилди
🔹Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин Кең-Сай массивин үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу демилгеси ишке ашты. Бүгүн, 30-октябрда 110/10 кВ “Кең-Сай” көмөк чордону ишке берилип, иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, Энергетика министри Таалайбек Ибраев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана конуштун жашоочулары катышты. 🔹 Жаңы 110/10 кВ “Кең-Сай” электр подстанциясы Ош шаарынын Кең-Сай жаңы конушун, ошондой эле Гүлбаар, Кеңеш жана Жапалак айылдарын сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында курулду. Анын ичинде социалдык, өндүрүштүк, коомдук жана жеке менчик объектилерди туруктуу электр жарыгы менен камсыздоого багытталган маанилүү инфраструктуралык объект болуп саналат. Мындан тышкары, ал 110/6 кВ “Учар” жана 35/10 кВ “Гүлбаар” көмөк чордондорунун ашыкча жүктөмүн азайтууга өбөлгө түзөт. 🔹Кең-Сай массивин жашоого ылайыкташтыруу, зарыл шарттарды түзүү иши мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен быйыл жанданды. Буга чейин сугат суу менен камсыз кылуучу станция курулуп, пайдаланууга берилген. Ошондой эле бала бакчанын жана ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүүдө. Бул жылы суу, электр энергия сыяктуу маселелер чечилсе, келерки жылдан тарта социалдык мекемелер иштеп баштайт. 🔹Мындан 15 жыл мурун Кең-Сайдан 800 гектар жер тилкеси турак-жай курууга бөлүнүп берилген. Бирок зарыл шарттардын жоктугу элдин отурукташуусун кечеңдетип келген. 2025-жыл Кең-Сайлыктар үчүн кайрадан куруу жылы болуп, конушта жашоо жанданды. _____________________________ Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия