✅Керме-Тоо отканасы пайдаланууга берилди

🔹Бүгүн, 28-октябрда Ош шаарындагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн Керме-Тоо отканасы пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышты. 🔹1986-жылы курулган бул откананын өндүрүштүк кубаттуулугу жогорулатылып, эски жабдуулардын ордуна ар бири 2,15 Гкал/саат кубаттуулуктагы заманбап электр казандары жана ишенимдүү насостор орнотулду. Бул жаңылануу энергияны үнөмдөөгө, чыгымдарды азайтууга жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт. 🔹Аталган откана 10 көп кабаттуу үйдү жана 1 орто мектепти, жалпы 49 682 чарчы метр жылытуу аянтын камсыздайт. 3 436 метр узундуктагы жылуулук түтүк системасы жаңыланып, энергиянын жоготуусу кескин кыскартылды. 🔹Бул иштер мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып, жылуулук менен камсыздоо системасын жаңылоого багытталган чоң кадам болууда. __________________________ Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия

Смотрите также