Экс-президент макамы: парламенттин Акаевге жообу | ЭКСПЕРТТЕР ТАЛДАЙТ

Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы сессиясында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын талкуусуз четке какты. Мурдагы мамлекет башчы сентябрь айынын башында парламентке кайрылып, аны экс-президент макамынан ажыраткан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декрети мыйзамсыз болгонун жүйөө келтирген. Элдик толкундоодон кийин бийликтен кулаган Акаевдин кайрылуусу коомчулукта кызуу талкууга алынууда. “Эксперттер талдайт” берүүсүнүн бул чыгарылышында Аскар Акаевдин кайрылуусунан улам чыккан талкууларды, жалпы эле экс-президент макамы тууралуу сөз кылабыз. #эксперттерталдайт #акаев #парламент #азаттык _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также