Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү боюнча демилге коомдук талкууга чыкты. Мындай жазаны бала зордуктоо жана адамды зордуктап өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштарга чектөө каралууда. Буга чейин Кыргызстанда өлүм жазасы киргизиле турган болсо чечим эл менен кеңешилип кабыл алынарын билдирген. Ал тапта адам укуктары жаатында иш алып барган айрым уюмдар Кыргызстанда өлүм жазасын калыбына келтирүү демилгесин айыптады. Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү канчалык туура болот? Бул суроону “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкуулайбыз. Талкууга адвокат Замир Жоошев, жарандык активист Эржан Сулайман, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова катышат. _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -
https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм -