Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Бир гектар жерди бакка айландырган баткендик багбан | Өнүгүүгө карай
Күрүчү менен алыска таанылган Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Миң-Чынар айылындагылар бир эле дыйканчылык эмес багбанчылыкты мыкты өздөштүргөн. Садык Аманов мындан 19 жыл мурда 1 гектар жерди өздөштүрүп бакка айланткан. Айылда бир эле күрүчтү карап отурбастан багбанчылыкты да жолго койгон каарманыбыз 450 түп алчанын "кокон гилас" түрүн тиккен. Учурда мөмөсү бышып терим алдында турат. Жыл сайын 7-8 тоннага чейин түшүм алган багбан бир учурда эле өзүнүн үй-бүлөлүк кирешесин толуктап аны менен катар айылдагы 30-40ка жакын адамды убактылуу жумуш менен камсыз кылат. Багбан Садык Амановдун айтымында, быйыл жемишке болгон баа былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге жогору болуп, эл эмгеги акталууда. Мындай жагымдуу жагдай, Кыргызстанда өндүрүлгөн жемиштин экологиялык тазалыгы, нукуралуулугу жана мөмөнүн көлөмдүүлүгү, ширесинин көптүгү менен түшүндүрүлөт. Элеттик багбан бир эле алча өстүрбөстөн 2 гектардан ашуун жерге күрүч да өстүрүп, дыйканчылык менен алектенет. Ата жолун улап балдары да мээнеткеч, эмгекке үйрөнүп айылда күрүч тазалап элдин кызматында жүрүшөт.