Түркиядан 600 түп алма көчөтүн алып келип отургузган Баткендик багбан | Өнүгүүгө карай

Баткен району кошуна Тажикстан менен чектеш болгондуктан чек ара айылдарында жашаган тургундар, чек араны бекемдөө максатында какырап жаткан жерлерди өздөштүрүүгө аракет кылып келет. Какыраган 15 гектар жерди өздөштүрүп бак кылган Кызыл-Бел айылынын тургуну Рахматтулла Урманов. Ал мындан 10 жыл мурда өрүк көчөттөрүн отургузуп бозоргон талааны бакка айланткан. Рахматулла Урмановдун айтмында өздөштүргөн жер аянты бир чети чек араны бекемдесе экинчиден өрүк бышкан кезде айыл жеринде жумуш орундарын түзүү башкы максаты болгон. Бирок кайрак талааны өздөштүрүүдө суу таңсыктыгы жаралып мөмөсүн бере баштаган көчөттөрү куурай баштаган. Өлкө башчысынын айыл чарбасын колдоо максатындагы жарлыгына ылайык 6 пайыздык насыяларды берүү элет элине жардам болгонун айтышат. Мындан улам багбан РСК банк тарабынан 6 пайыздык насыядан бир жарым миллион сом насыя алып 750 кубдук суу кампасын куруп аны менен катар Түркиядан аймактын климаттык шартына туура келген 600 түп алма көчөтүн алып келип отургузган.

Смотрите также