ТАЗАЛАГАН ЭЧКИМ ЖОК. ҮЧ-ТЕРЕКТЕ СЕЛДЕН КИЙИН ТАЗАЛАНБАЙ ТУРАТ

Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата айылында селдин калдыктары тазаланбай жатат. Мындай билдирүүнү жергиликтүү тургун ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө жөнөттү. Айтымында, аталган айылда 30-июнда сел жүргөн. Тургун арыктар толуп, тазанланбай жатканына нааразы болду. "Айыл өкмөттө тиешелүү техникалар бар. Бирок тазаланбай жатат. Бул төртүнчү жолу селдин келиши. Сел дагы бир жолу келчү болсо үйлөрдү каптоо коркунучу бар", - дейт ал. Мындан тышкары тургун айыл өкмөт башчысына, райондук администрацияга кайрылышканын, бирок өтүнүчтөрү аткарылбай жатканын кошумчалады.

Смотрите также