30-июнда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрт адамды сел агызып каза болду. Саат 21:50 чамасында Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунааны сел сел агызып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган унаада 5 жаран болгонун маалымдады. Кырсык болгон учурда айдоочу кызын куткарып чыгып, андан кийин унаадагы аялын, эки уулун куткарам деп алар менен өзү кошо агып кеткен. Бүгүн алардын сөөгү жерге берилди. 28-июнда Ноокат районунда да катуу сел жүрүп, он кишинин өмүрүн алган. Алар да бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болчу. _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -
https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм -