Ыйлабай көргөнгө аракет кыл!

1999-жыл. Апам менен ажылыка барган элек. Алгач Мадина шаарына бардык. Пайгамбарыбыз САВдын мечитинде, жашыл мунаранын астында, Куран окуп олтурганбыз. Бир кезде мечиттин “Жаннатул Баки”-деп аталган көрүстөнү тарабынан ызы-чуу чыгып калды. Кызыгып барып карадым. Сарыраак келген, арык чырай бир жигитти көтөрүп келип жерге жаткызышты. Анын жүрөгүн укалап, канчалык аракет кылышса да, тиги жигит ошол жерде жан берди.

Смотрите также