ЫЙЛАБАЙ КОЁ АЛБАЙСЫҢ!

Бир күнү Мадина шаарында Масжиди Набавий, Пайгамбарыбыз САВдын мечитинин жанынан өтүп баратып бир жаш жигитти көрүп калдым. Ары жактан эки полиция кызматкери чуркап келип тиги жаш жигитти эки колунан кармап калышты. Тиги жигит алардан кутулганга аракет кылып, ары-бери жулкунуп жатты. Мен ал жигитти мурда Пайгамбарыбыз САВдын кабырынын жанында ыйлап олтурганын бир нече ирет көргөн элем. Жашы 30-35 жаштарда көрүнгөн бул жигит албаниялык болчу. “Коё бергиле мени! Мен ууру эмесмин! Кайырчы да эмесмин!”-деп кыйкырып жатты ал жигит.

Смотрите также