Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Нурпаяз Абытов | Киндик эне | аудио китеп | аңгеме
Жаш жазуучу Нурпаяз Абытовдун “Киндик эне” деген чакан аңгемесине талдоо жасаган Эл жазуучусу Султан Раев сонун ойду айтыптыр: “Киндик -ал тек гана адам анатомиясынын уюлу эмес, адам киндиги кесилгенден кийин жаңы мейкиндикке, башкача айтканда, эфемердик дүйнөдөн реалдуулукка өтөт. Киндик кан - бу ыйык түшүнүк… Аңгеме бу сакралдык философияны туюнтпаса да, ал тек гана адамдык коддун эң башкы ойтүйүнү эстутумду каңкуулайт… гуманисттик идея абстракция эмес, адамды сүйүүнүн жөнөкөй далаалаты… Жаш калемгерде анын механикалык кабылдоосу эмес, аны туя, сезе билүү өзгөчөлүгү бар. Эгерде чыгарма кайсы бир ой системасын айтууга түрткү бере алса, ал анын ийгилиги деп билсе болот” деп жазды. Менимче, чыгарма жөнүндө мындан артык, так айтуу мүмкүн эмес. Автор: Нурпаяз Абытов Окуган: Төрөкул Дооров Сүрөт: Давид Флекман, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Сүрөт жөнүндө толук маалыматты мына бул шилтемеден табасыз: