Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Мурза Гапаровдун аңгемелеринде мага эң эле жаккан өзгөчөлүктөрдүн бири - диалогдор. Кандай гана жазуучу болбосун, анын чебердиги, жазуу техникасынын мыкты же чабалдыгы дал ушул диалогдорунан эле көрүнүп калат эмеспи. Каармандары "жасалма" сүйлөгөн чыгарма колуңа тийип калса, окуп жатып ыргыта салгың келет. А Мурза Гапаровдун "Кызыл бедеси" диалогу менен эле эмес, сүрөттөө манерасы менен да сизди башка, кызыктуу ааламга алып жөнөгөндөй боло берет. Көз алдыңа окуя эле эмес, кыпкызыл болуп жайнаган бедезар, жалгыз дарак, анда кол кармашып бараткан жаш жубайлар көрүнөт. Алардын артынан уурдап качкан беш жашар кызын артына көтөрүп алган Жыпар дудук... Мурза Гапаровдун башка чыгармаларын да угуңуз: • Мурза Гапаров | Буурул түндө туулган кыз |... • Мурза Гапаров | Газала | Аңгеме | Аудио китеп • Мурза Гапаров | Кара-Көлдүн каздары | ауди... • Мурза Гапаров | Кыштакча | аудио китеп • Мурза Гапаров | Сүйүүнүн кайыгы | Повесть ... • Мурза Гапаров | Унутулган сокмо жол | ауди... • Мурза Гапаров | Аялдардын деңизи | аңгеме ...