АТТ 2025 Белегимсиң - Жумагүл Г. - Альбина Д. - Сөзү видео

Бул ыр «Белегимсиң», АТТ 2025 ырларынын бири. Сөзү : Жумагүл Газыбаева. Обону жана аткаруучу : Альбина Дуйшеева. Аранжировка : Максат Сабырбек уулу. Үн жаздыруу : «Үңкүр» стюдиясы. © ATT 2025. Lyrics : Jumagul G. Melody: Albina D. Sung by Albina D. Arrangement: Maksat Sabyrbek uulu, recorded at the 'The Cave' studio. Белегимсиң Сөзү : Жумагүл Газыбаева. Обону жана аткаруучу : Альбина Дуйшеева. Сен менин тирүү суум, мүрөгүмсүң, Сен менин баш калкалар түнөгүмсүң. Сен өмүр берген үчүн, мен бармын да, Сен менин согуп турган жүрөгүмсүң. Сен менин даңктап айтаар күбөлүгүм, Сен менин камсыз кылдың түбөлүгүм. Сен жөнүндө сүйүнчү айтам өмүр бою, Сен гана даңазалап жүрөөрүмсүң. Сен менин Падышалык асманымсың, Сен менин үмүт толгон ак таңымсың. Сен мени дайым актап, коргоп турган, Сен менин айтып бүтпөс дастанымсың. Сен менин бийиктигим, тереңимсиң, Сен менин зарылдыгым, керегимсиң. Сен мени кунум төлөп сатып алган, Сан, салмак чак келбеген Белегимсиң. Кайырма : Күнөөлөрдү кечирип, жууп турган, Түбөлүктү белекке сунуп турган. Теңдешсиз, кереметтүү, касиеттүү, Түбөлүк таазим Сага, Теңир Ыйсам.

Смотрите также