VIDEO
Бул ыр «Кудай – Өзү сүйүү», АТТ 2025 ырларынын бири. Сөзү жана обону : Альбина Дуйшеева. Аткаруучу : Альбина Дуйшеева. Аранжировка : Максат Сабырбек уулу. Үн жаздыруу : «Үңкүр» стюдиясы. © ATT 2025. Lyrics & Melody: Albina D. Performed by Albina D. Arrangement: Maksat Sabyrbek uulu, recorded at the 'The Cave' studio. Кудай – Өзү сүйүү Сөзү жана обону : Альбина Дуйшеева. Сүйүү чыдамдуу, боорукер, Жакынына жамандык кылбайт. Өз пайдасын көздөбөйт, Чындыкка умтулуп кубанат. Кайырма: Өзүңдү кандай сүйсөң, Жакыныңды ошондой сүй Өзүңдү кандай сүйсөң, Жакыныңды ошондой сүй! Анткени Кудай Өзү сүйүү, Анткени Кудай Өзү сүйүү, Өзү сүйүү. Сүйүү көрө албастык кылбайт, Текеберденбейт мактанбайт. Сүйүү эч качан токтобойт, Ачууланбайт, кек сактабайт. Өтмө: Кубангандар менен кубангыла, Ыйлагандар менен ыйлагыла. Рухунарды жалындаткыла, Бир Кудайга, бир Кудайыга, Кызмат кылгыла!