Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
«Кара кийимчен адам кирип келди»: Кадамжайда өлтүрүлгөн ата-бала, аман калган апанын сөзү
Другие ПОДРОБНОСТИ по ссылке Кечээ, 18-октябрь күнү саат 22:30дар чамасында Кадамжайдын Көк-Талаа айылында мерт болгон ата-баланын өлүмүнүн айрым жагдайлары белгилүү болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Көк-Талаа айылынын 61 жаштагы тургуну Ш.К. менен анын 29 жаштагы баласы К. уулу Р.ны белгисиз адамдар атып өлтүрүп, 59 жаштагы Ш.М.ди (маркумдун жубайы) уруп, жаракат келтирип, изин жашырып кетишкен. Бул маалымат ошол эле түнү Кадамжай РИИБде катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Иликтөөнүн жүрүшүндө бир топ жагдайлар такталган. 18-октябрь күнү саат 22:00 чамасында бул үй-бүлө эс алып жаткан учурда алардын үйүнө белгисиз адамдар кирип келген. Алар эс алып жаткан 61 жаштагы Ш.К.ны көкүрөккө жана бетке, баласы К.уулу Р.ны башка атып, 59 жаштагы Ш.М.ди (жубайы) балта менен башка уруп, мал сарайын өрттөп, короодо токтоп турган «Хонда СРВ» үлгүсүндөгү унаасын өрттөөгө аракет кылып качып кетишкен. Ок тийген Ш.К. менен К. уулу Р. ошол жерде каза болгон. Ал эми жаракат алган аял Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген.