Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Кадамжайда алимент текшерүүгө барган милиционерлер «чөп таап», үй ээси камалды
Алимент үчүн келген милиция кызматкери үйүндө өзгөчө жыты бар өсүмдүктү кургатып жаткан деп шектеп, К.М.ны туура эмес кармады. Бул тууралуу кечээ, 10-октябрь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынын тургундары жана шектүүнүн жакындары көчмө маалымат жыйын учурунда билдиришти. Тургундар бийлик өкүлдөрүн ишти адилеттүү иликтөөгө чакырып, аймактык тескөөчү менен тергөөчүнүн аракеттерине укуктук баа берүүнү талап кылышты.