Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Кванттык сандар Атомдун алкагындагы электрондордун абалын (кыймылы, энергиясы) төрт кванттык сан менен мүнөздөлөт. Кванттык физиканын негиздөөчүсү Эрвин Шредингер (1926-ж. австриялык физик) атомдун айланасындагы электрондордун абалын мүнөздөө үчүн өзүнүн теңдемесин сунуштаган. Ал теңдеме Шредингердин теңдемеси деген ат менен белгилүү. Шредингердин теңдемесин суутек атому үчүн чыгарганда үч кванттык сандын физикалык мааниси келип чыгат. Алар башкы, орбиталдык жана магниттик кванттык сандар деп аталат. 1.Башкы кванттык сан (n). Башкы кванттык сан - атомдогу электрондордун булутчаларынын өлчөмү менен энергиялык абалдарын мүнөздөйт. Башкы кванттык сан электрондун ядродон канчалык аралыкта болуу мүмкүнгчүлүгүн көрсөтөт, б.а. атомдун өлчөмүн мүнөздөйт. n =1 ден * ге чейинки калаган бүтүн сандарга ээ: n =1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, ...* 2.Орбиталдык кванттык сан (l). Орбиталдык кванттык сан-электрондук булутчанын формасын мүнөздөйт. l дин мааниси 0 дoн (n - l) ге чейин өзгөрөт. Эгерде l=0 болсо, электрон шар формасында ядронун алкагында айланат, аны s–тибиндеги электрондор деп аташат; l=1 болгондо, электрону гантель формасында ядронун алкагында айланат, аны p –тибиндеги электрондор деп аташат; d–жана f–тибиндеги электрондор ядронун алкагында татаал түзүлүштө айланат (3.7-сүрөт). 3.Магниттик кванттык сан (m). Магниттик кванттык сан – электрондук булутчанын атом алкагында жайгашуусун мүнөздөйт. Б.а. магнит талаасына караша атомдук орбитальдын мейкиндикте жайгашуу абалын мүнөздөйт. Анын мааниси –l ден +l чейинки бүтүн сандарга ээ. Орбиталдын моментинин импулсунун Z огундагы проекциясынын маанисинин чоңдугуна барабар (3.7-сүрөт). Анын мааниси m берилген l дин маанисинде - l ден + l ге чейин өзгөрөт: Энергетикалык деңгээл, 1 2 3 l 0 0 1 0 1 2 m = (2 l + 1) 1 -1, 0, + 1 -2, -1, 0, + 1, + 2 3.7-сүрөт. s-, p-, орбиталдардын формалары жана атом электро- нунун орбиталынын мейкиндиктеги жайгашуу орду. Магниттик кванттык сандын ар биринин маанисин менен белгиленип, кванттык же электрондук ячейка деп аталат. s-де 1, p-да 3, d-да 5, f –де 7 ячейка бар: l = 0 l = 1 l = 2 l = 3 s p d f ns-AO np-AO(n*2) nd-AO(n*3) nf-AO(n*4) m = 0 -1, 0 , +1 -2, -1, 0,+1,+2 -3, -2, -1, 0,+1,+2,+3 4. Спиндик кванттык сан (s). Спиндик кванттык сан - электрондордун өз огунда айлануу кыймылын мүнөздөөчү кванттык сан. Электрондор өздүк магниттик жана механикалык моменттерине ээ болгондуктан, бир орбитада карама-каршы cпинде айланат: s = же s =