Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Билим берүү жана илим министри кайрадан алмашып, Каныбек Иманалиев соңку үч жылдагы төртүнчү жетекчи болуп келди. Ал кызматка киришип атып реформа баштай турганын, билим берүүгө ваучердик системасын киргизүүгө убакыт келгенин айтты. Негизи буга чейинки министрлер да билим берүүнүн сапатын жогорулатууга аракет көрүп келишкен. Бирок тармакта чоң өзгөрүү болбогондугу айтылып келет. "Эксперттер талдайт" берүүсүндө билим берүү тармагынын айланасында талкуу уюштурабыз. Ага билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, ЖКнын мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев, билим берүү министринин мурдагы орун басары Догдуркул Кендирбаева, “Ала Тоо” университетинин доценти Нурлан Исмаилов жана жогорку билим берүүнү башкаруу боюнча илимдин доктору Чынара Рыскулова катышат.