Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Кыз баланын ден соолугу, психологиялык абалы жана тарбиясы — бүтүндөй улуттун келечегине кандай таасир этерин талкуулайбыз. Кыргыз коомунда кызга болгон мамиле ар дайым өзгөчө болгон: “Кыздын жүрөгүн оорутпа”, “Кыз — элдин көркү” деп айтабыз. Бирок бүгүнкү заманда, өзгөчө маалымат агымы күчөгөн, коомдук басым жогору болгон шартта, кыздарга болгон түшүнүү, жылуулук жана колдоо мурдагыдан да маанилүү. Бала кезден эле жакшы сөз, сүйүү, колдоо, ресурс берүү — бул бир гана үй-бүлөнүн эмес, бүтүндөй улуттун жоопкерчилиги. Эгер кыз бала өзүн баалуу сезсе, анын жашоодо кабыл алган чечимдери да ишенимдүү, ден соолугу чың жана жолубу кең болот. Туура тарбия — бул жөн гана тыюу салуу жана тартип эмес. Туура тарбия — бул угуу, түшүнүү, кабыл алуу жана жанында болуу. Бул эпизоддо Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Сайкал Бозова биз менен кыз бала тарбиялоонун маданияты, аялдын ролу, үй-бүлө менен коомдун таасири, эмоционалдык ден соолуктун мааниси жана кызыбызга кандай сөз айтуу керектиги боюнча эң баалуу ойлорун бөлүшөт. Кыз аман — Улут аман. Кызга кам көрүү — бул келечекке кам көрүү.