Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
АДАМЗАТТЫН ӨЗГӨЧӨ ЭНЕСИ АЗ.МАРИЯМ Касиеттүү Курандын эрежесинде аялзатынын атын атап айтуу деген нерсе жок. Куран аялдар тууралуу айтаарда жөн гана “анын аялы”, “тигинин зайыбы” деген сыяктуу ишаарат берүү менен гана чектелет. Бирок Куран бир аялдын атын атаган. Ал – Аз. Мариям энебиз. Ал - аялдардын арасынан Куранда аты аталган жалгыз аял. Анын аты Курандын 34 жеринде кездешет. Атүгүл Курандын 19-аяты “Мариям” сүрөсү деп да аталат. Бейиш менен сүйүнчүлөнгөн намыстуу айым. Аз.Жабраил (а.с.) менен сүйлөшкөн, жашоосун Исламиятка арнаган Аллахтын сүйүктүү кулу. Мужизалуу түрдө кош бойлуу болуп, анын артынан жүздөгөн жалааларга туш болгон аруу бир зат. Бир топ сырларга толо бир жашоо. Мунун баары бүгүнкү чыгарылышыбызда.