Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Бул подкастта биздин коногубүз – Чынара Саттарова, интегративдик дарыгер жана медицина илимдеринин кандидаты, ачкачылыктын бардык сырлары жана анын ден соолукка тийгизген таасири тууралуу айтып берет. Чынар ачкачылыктын түрлөрү, анын денеге болгон пайдасы жана коопсуздугу жөнүндө кеңири маалымат берет. Сүйлөшүү учурунда ачкачылыктын организимге тийгизген оң жана терс таасирлери, ачкачылык учурунда кандай жашоо образы керектиги, ошондой эле бул практиканы кимдерге жана кандай шартта колдонуу керектиги тууралуу кеңири маалымат алууга болот. Бул подкаст ден соолугуңузду чыңдоо, организмди тазалоо жана жалпы абалыңызды жакшыртуу үчүн ачкачылыктын кандайча пайдалуу боло аларын терең түшүнүүгө жардам берет. Чынара Сатарова тажрыйбасы жана медициналык билими аркылуу ачкачылык тууралуу бардык суроолоруңузга жооп табасыз!