Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
"Дил маек" көрсөтүүсү Гульзат Майчинова менен \\ Темиралы Кунашев
Манас: прототекст жана прототарых 🎙 “Дил маек” подкастында конокто - Темираалы Кунашев. Темираалы агай — кыргыздын руханий дүйнөсүн, ыйман менен обондун асыл байланышын тереңден изилдеп келген өзгөчө инсан. Ал 1957-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Көл айылынын койнунда жарык дүйнөгө келген. Жаштайынан эле обон менен ойдун биримдигин издеген Темираалы агай 1975-жылы Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын эки жылдык студиясында гитара боюнча билим алып, улуттук күүлөрдү кыл күүсүнө түшүргөн алгачкы музыканттардын бири болгон. 1977–1985-жылдары Куран, хадис жана фикх илимдерин үйрөнүп, ыйман илимин жүрөгүнө сиңирген. 1986–1987-жылдары улуу композитор Рыспай Абдыкадыровдун үйүндө жашап, андан музыканын теориясы менен гармониясынын терең сырларын үйрөнгөн. Анын гитарада жаңырган обондору кыргыздын жан дүйнөсүн чагылдырып, чыгармаларында руханий тереңдик менен улуттук нарктын үнү айкалышып турат. 1987–1992-жылдары Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын кол жазмалар бөлүмүндө арабист катары эмгектенген. 1997–2008-жылдары Борбордук Азия элдери маданиятынын ассамблеясынын колдоосу менен Түркия жана Бельгия сыяктуу өлкөлөрдө классикалык гитара боюнча соло концерттерди берип, кыргыз обонун дүйнөгө угузган. 2008-жылдан тарта Темираалы агай "Куран" менен "Манас" эпосунун руханий өзөгүн изилдеп, бир катар илимий жана маданий эмгектерди жараткан. 2020-жылы ал Куранды араб тилинен түз кыргызча которуп, бул эмгеги эл тарабынан эң так, эң терең маанилүү котормо катары бааланган. Темираалы Кунашев — кыргыз рухунун үнүн кыл күүсү менен айта билген, ыйман менен өнөрдү бир сапка тизген улуу муун өкүлү.