Сүйүү - Эсен Ч. - Ырыс Ч. - Данияр Д. -2024

Сөзү : Эсенбек Чоткараев. Обону : Ырыс Чо. Аткаруучу : Данияр Д. Аранжировка : Максат Сабырбек уулу. «Сүйүү» © 2024, Данияр Долоoтбаков. Сүйүү Атың Сүйүү, Сен өчпөйсүң дилимден, Баары бүтөт, баары кетет дүйнөдөн. Бирок Сенсиз жашап жүрсөк, бул жерде, Укчу, Сүйүү, орун алчы жүрөктөн. Сүйүү козгойт жүрөгүңдүн кылдарын, Калем берип, ал жаздырат ырларын. Ыр түрмөгүн ак кагазга жазган соң, Түшүнөсүң Анын ачкан сырларын. Сүйүү - өмүр, жоктон барды кыла алган, Сүйүү менен ушул дүйнө жаралган. Сүйүү, Сүйүү! Ал түбөлүк Жаратман, Күн шооласын Ал биз үчүн тараткан. Сүйүү деми үшүгөндү жылытат, Капалууга үмүт берип кубантат. Ооруп жаткан оорулууга күч берип, Айыкпаган илдетинен сакайтат. Сүйүү “дары” жараланган жүрөккө, Сүйүү “жарык” караңгыда жүргөнгө. Жалгыздыктан жапа чеккен жан үчүн, Сүйүү “жолдош” ишенимдүү өмүрдө. Сүйүү күтөт талыкпастан, табам деп, Сүйүү издейт адашкан уул-кыздарын. Сүйүү деген күнөөкөрдү кечирип, Сүйүү жолу момундукту ыйгарып.

Смотрите также