СУЗАК: ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИКТИН АЙЛАСЫН КЕТИРГЕН АЯЛДАМА

Сузактагы жолду кеңейтүүдө жергиликтүү тургундардын нааразычылыгы жаралганы белгилүү. Сузак айыл өкмөтүнүн тургуну Максимохан Ахмедованын аялдама өзүнүн эски ордуна эмес, анын короосуна жылып курулуп жаткандыгын айтып Регион телеканалына кайрылган. Бүгүн жергиликтүү бийликтен комиссия түзүлүп, жеринде тактоо иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы транспорт жана коммуникация министрлигине жөнөтүлүп, учурда бул маселени кайрадан кароо иштери жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды. Нааразычылык боюнча ишти облус жетекчиси да өз көзөмөлүнө алган. ---------------------------------------------------------------------------------------------------------------------- Официальный сайт:
REGION TV @ Instagram   / regiontvkg   REGION TV @ Facebook   / regiontvkg   REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan

Смотрите также