17.10.2024 Күндеми | Кечки чыгарылыш || Регион ТВ

Бүгүн УКМКнын генерал-лейтенанты Анарбек Бакаев атындагы Академия расмий ачылды. Ага Президент Садыр Жапаров, УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон бир катар мамлекеттик жетекчилер катышты; Жарандарды шылуундар телефон аркылуу тоноп, банк эсебиндеги акчасын алып койгон учурлар көбөйдү. Мындай алдамчылар элдин 903 млн сом акчасын уурдаганга жетишкен; Сузак районундагы жолду кеңейтүүдө жалгыз бой эненин үйүнө курулуп жаткан аялдама боюнча атайын коммсия түзүлдү. Бул маселени Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү да өз көзөмөлүнө алды; Бүгүн, 17-октябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Шайлоого 39 партия катышууда; Кыргыз прокуратурасына бир кылым! Бүгүн Жалал-Абадда прокуратуранын 100 жылдыгына карата форум болуп өттү. ----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------- Официальный сайт:
REGION TV @ Instagram   / regiontvkg   REGION TV @ Facebook   / regiontvkg   REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan

Смотрите также