"Керээз" | 8 - бөлүм | Аягы | Автор: Айгүл Шаршен/Аудио китеп

Саада аябай ыза болуп таежесиникине барып жаткандан кийин ыйлап жатты: «Эмнеге менин тукумум анын үйбүлөсүн бузат, эмнеге мени сур жылаандай деп жаман көрдү, биз бири-бирибизди сүйсөк да алар каршы болушат экен го, атам укса эмне дейт», – деп ойлонуп жатып кеч уктады. Артур катуу ойлонуп калды, окуу жайдын деканына барып Сааданын аты жөнүн тактап дароо эле билди, ойлуу жумушуна келди да бир жакка телефон чалды: – Ало, мага келип калчы, – деди да башын мыжыга көпкө отурду, бир кезде маңдайы кашка, чачы жок, жапалдаш бойлуу адам кирди. – Ас-салоому Алейкум!

Смотрите также