24 жаштагы келиндин өлүмү боюнча кайын атасы үн катты

Ата-энеси тарабынан киши колду болуп өлгөнү айтылган 24 жаштагы келиндин кайын атасы Арстанбек Төрөбеков айтылган сөздөр жалган экенин айтып чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-сентябрь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, маркум келиндин ата-энесинин «киши колду болуп өлдү» деген кептери жалган. «2014-жылы балам менен сүйлөшүп жүрүшчү экен. Мейли, бири-бириң менен жакшы көрүп жүрүшсөңөр деп үйлөгөнбүз. Келинимде кеп жок. Балам менен жакшы жашашты. Балам биз менен чогу жашабайт эле. Аларга үй салып бергенге жардам бергенбиз. Үйү бүтүп, жаңы жылда чогу отурганбыз. Баарыбыздын маанайыбыз жакшы, сонун отурганбыз.

Смотрите также