Эркелесен эркеле, бирок чолчондобо — Нурлан Шакиев Орунтаевге кеңеш берди
Мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаев Жогору Кеңештин депутаттарынын нааразычылыгына жооп берди. Парламенттин бүгүн, 9-октябрдагы жыйыны башталганда анын орун басарынын үстүнөн бир катар депутаттар арызданышкан. Депутат Марат Мураталиевдин («Ишеним») айтымында, ага телефон чалган чиновник депутаттар эмне үчүн алардын объектисинде эл менен жолугушуу өткөргөнүн сураган.