Камчыбек Ташиев Ош шаарына кирүүчү альтернативдик жолду декабрь айына бүтүрүүнү тапшырды. Бүгүн, 11-ноябрда КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарына кирүүчү альтернативдик жолдун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жалпы узундугу 3.5 чакырымга жакын жолдун курулуш иштеринин солгундап жатышын сындап, тийиштүү жетекчилерди ыкчам кыймылдап, жумуштун жүрүшүн тездетүүнү талап кылды. Жолдун курулушунун алкагында буздурулушу керек болгон турак-жайларды мыйзам чегинде тургундарга компенсациясын төлөп берүүну жана түшүндүрүү иштерин да активдүү жүргүзүүнү милдеттендирди. Эгер жолдун курулуш иштери ушул жылдын декабрь айларында бүткөрүлбөсө, тийиштүү чаралар көрүлөөрүн эскертти. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт:
REGION TV @ Instagram / regiontvkg REGION TV @ Facebook / regiontvkg REGION TV @ Одноклассники
https://ok.ru/region.kyrgyzstan REGION TV @ Телеграм