Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Ош менен Баткенди байланыштырган эң чоң көпүрөлөрдүн бири ачылды

Ош облусунун Ноокат районунда Чили-Сай көпүрөсүнүн курулушу аяктады. Бул Ош облусунун чыгыш бөлүгүн Баткен облусу менен байланыштырган ири көпүрөлөрдүн бири. Аталган көпүрө аркылуу Ош—Баткен—Раззаков унаа жолу өтөт. Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, ачылыш аземге Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Ноокат райондук администрациясынын жетекчилиги, Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Нурлан Сулайманов катышты.

Смотрите также