КИСЕ КУР

Кисе кур – белге тагылчу кайыш кур. Ага канжар, оттук, окчонтой, кестик, баштык, бычак жана кын өңдүү буюмдар илинчү. Киселер баалуу мүлк катары атадан балага мурас катары өткөн. Аны колдонгон эр адамдын турмуштук абалына жараша, мыкты кисе жана ага илинген буюмдар алтын, күмүш, жезден чөгөрүлүп кооздолчу. Колдонулган аспаптар: темир эритүүчү жабдуу, дөөшү, кайчы, кычкач, аттиштин түрлөрү, балканын түрлөрү, ойгуч, зым тарткыч, темир кескич, темир калыптар. Жердиктер: темир, күмүш, жез, кайыш, мүйүз, тарамыштан чыйратылган жип. Жасалышы: Күмүштү эритип, дөөшүгө коюп, белгилүү бир калыңдыкка келтириш үчүн балка менен согуп-тегиздеп, андан соң темир калыптар аркылуу көрчөгөлөрдү чаап кесип алдык. Даяр болгон күмүш көрчөгөлөргө жез бекиткичтерин ширетип, аларды бир кылка иретинде тизип курга кадап чыктык. Кисе курдун илгичи темирден чабылып, ага күмүш жалатылды. Кисе кур жасоого 250 грамм күмүш керектелди. Анын узундугу 160 см., болжолдуу салмагы 3-4 кг. болду. Кисе кур менен кошо, ага илине турган буюмдардан баштык, бычактын кыны, окчонтой жана ок-дары салган кор жасалды. Кисе курду жасап чыккан зергер, уз, сүрөтчү - Асел Молдоташева.   / karazerger   ============================================================ Долбоор тууралуу Аталган долбоордун негизги максаты – тарыхый маанилүү сүрөттөр аркылуу кыргыздын салттуу кийим-кечесин жана жасалгаларын кайрадан өз түп нускасындай жаңыртып чыгуу, тарыхый реконструкциялоо, о.э. кол өнөрчүлүктүн салттуу билимдерин жандандыруу. Орустун белгилүү сүрөтчүсү В. Верещагиндин “Богатый киргизский охотник с соколом” деген сүрөтү долбоордун жалпы катышуучулары тарабынан тандалган. Андагы кыргыз аңчысынын салттуу кийимдерин жана жасалгаларын уз-усталарыбыз илимий жана этнографиялык негиздерге таянуу менен изилдешип, аларды кайрадан иштеп чыгууда көөнө үлгүсүн сактаганга, кадамдап жасоодогу салттуу ыкмаларын бузбаганга аракет жасашты. KYR: Видеоролик Европа Биримдигинин каржылоосу менен ЮНЕСКО тарабынан ишке ашырылган “Орто Азиядагы Жибек жолу мурасы – Европанын маданий мурастар жылынын эл аралык тутумунда” долбоорунун алкагында тартылды Анын мазмуну өнөктөштүн гана жоопкерчилиги болуп саналат, ошондой эле Европа Биримдигинин жана ЮНЕСКОнун көз карашын билдирбейт. RUS: Видео создано в рамках проекта “Коридоры наследия Шелкового пути в Центральной Азии – международные аспекты Европейского года культурного наследия”, при финансировании Европейского Союза и реализуемого ЮНЕСКО. Его содержание является исключительной ответственностью партнера и не обязательно отражает точку зрения Европейского Союза. ENG: The video was created within the framework of the project “Silk Roads Heritage Corridors in Central Asia – International Dimension of the European Year of Cultural Heritage”, funded by the European Union and implemented by UNESCO. Its content is the sole responsibility of the partner and does not necessarily reflect the point of view of the European Union. ============================================================ Долбоорду аткарган: "Кийиз Дүйнө" коомдук фонду   / kiyizduino   Долбоордун жетекчиси: А. Асангулова   / aidaifeltworld   Ассистент: А. Акматова   / aiperiasylb   Режиссер:Темирбек у Нурлан   / nurlan.temirbek   Фото: А. Адышова   / profilecard   Музыка: Н. Нышанов   / nurlanbeknyshanov   ============================================================ Консультанттар, уз-усталар: Абдыразаков Нурадин Байизов Бакыт Бызов Дмитрий Исмайлов Идрис Сулайманова Чолпон Топчубаева Монус Токтосунов Кайырбек Ыраазычылык билдиребиз: Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи. Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи Сулайман – Тоо тарыхый музей комплекси Супара интерактивдүү музейи

Смотрите также