ЖАРГАК ШЫМ

Жаргак шым – эчкинин терисинен жыдытылып жасалган шым. Жаргак деген аталыш тери иштетүү ыкмасын билдирет. Кандагай шымга салыштырмалуу, жаргак шым жука жана жеңил келет. Ат үстүндө кийип жүрүүгө ыңгайлуу болгондуктан, мергенчилер жаргак шымды аң уулоого, улуттук оюндардын айрымдарына жана керектүү учурда күнүмдүгүнө кийишкен. Ал эми кандагай шым тоо текенин, багыштын, жаш бодонун терисинен жасалып, жоокерчилик мезгилде аны баатырлар жана балбандар жоого, эр сайышка, оодарышка, күрөшкө кийишкен. Колдонулган аспаптар: калем, сызгыч, бычак, кайчы, ийне, оймок. Жердиктер: эчкинин ашатылган терилери, түстүү жибек жиптер. Жасалышы: Жаргак шымга керектелүүчү терини майларынан тазалап, жыдытып, анан ашаткыга салып алдык. Ашаткыны териге абдан сиңирип алган соң кургатып, майлап, ийлеп, анан ышкын түп менен анардын кабыгынан даярдалган боёкту өң-түсүнө чыгара боёп чыктык. Капталы шара тилинип бычылган багалектин бөлүктөрүн жибек жип менен бириктирип тигип, аларга сайма көчөттөрүн илме ыкмасында сайдык. Шымдын баардык бөлүктөрүн бириктирип, багалегин колго согулган кажары тасма менен бекиттик. Бул саймалуу жаргак шымды жасаганга 8 эчкинин териси колдонулуп, 3 айдан ашуун убакыт сарпталып, 7 уз-устанын колунан жаралып чыкты. Саймалуу жаргак шымды жасап чыккан чебер уз-усталар: Акылбек кызы Акбермет, Нуржамал Асангулова, Гүлсана Атамкулова, Бурул Исмантаева, Каныбек уулу Акылбек, Эльдар Мамытов. Долбоор тууралуу Аталган долбоордун негизги максаты – тарыхый маанилүү сүрөттөр аркылуу кыргыздын салттуу кийим-кечесин жана жасалгаларын кайрадан өз түп нускасындай жаңыртып чыгуу, тарыхый реконструкциялоо, о.э. кол өнөрчүлүктүн салттуу билимдерин жандандыруу. Орустун белгилүү сүрөтчүсү В. Верещагиндин “Богатый киргизский охотник с соколом” деген сүрөтү долбоордун жалпы катышуучулары тарабынан тандалган. Андагы кыргыз аңчысынын салттуу кийимдерин жана жасалгаларын уз-усталарыбыз илимий жана этнографиялык негиздерге таянуу менен изилдешип, аларды кайрадан иштеп чыгууда көөнө үлгүсүн сактаганга, кадамдап жасоодогу салттуу ыкмаларын бузбаганга аракет жасашты. KYR: Видеоролик Европа Биримдигинин каржылоосу менен ЮНЕСКО тарабынан ишке ашырылган “Орто Азиядагы Жибек жолу мурасы – Европанын маданий мурастар жылынын эл аралык тутумунда” долбоорунун алкагында тартылды Анын мазмуну өнөктөштүн гана жоопкерчилиги болуп саналат, ошондой эле Европа Биримдигинин жана ЮНЕСКОнун көз карашын билдирбейт. RUS: Видео создано в рамках проекта “Коридоры наследия Шелкового пути в Центральной Азии – международные аспекты Европейского года культурного наследия”, при финансировании Европейского Союза и реализуемого ЮНЕСКО. Его содержание является исключительной ответственностью партнера и не обязательно отражает точку зрения Европейского Союза. ENG: The video was created within the framework of the project “Silk Roads Heritage Corridors in Central Asia – International Dimension of the European Year of Cultural Heritage”, funded by the European Union and implemented by UNESCO. Its content is the sole responsibility of the partner and does not necessarily reflect the point of view of the European Union. ============================================================ Долбоорду аткарган: "Кийиз Дүйнө" коомдук фонду   / kiyizduino   Долбоордун жетекчиси: А. Асангулова   / aidaifeltworld   Ассистент: А. Акматова   / aiperiasylb   Режиссер:Темирбек у Нурлан   / nurlan.temirbek   Фото: А. Адышова   / profilecard   Музыка: Н. Нышанов   / nurlanbeknyshanov   Бек Алагушов ============================================================ Консультанттар, уз-усталар: Абдыразаков Нурадин Байизов Бакыт Бызов Дмитрий Исмайлов Идрис Сулайманова Чолпон Топчубаева Монус Токтосунов Кайырбек Ыраазычылык билдиребиз: Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи. Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи Сулайман – Тоо тарыхый музей комплекси Супара интерактивдүү музейи

Смотрите также