Ишенимдин Пайдубалы 3-сабак Андрей Петерс

Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот: Сайт:
Instagram:   / jakshykabar   Facebook:   / jakshykabarmedia   Twitter:   / jakshykabar   Бүгүн биз үчүнчү сабакты улантабыз биз Кудай Адам менен Обону кантип жараткандыгына токтолгонбуз. Бул кантип болгондугун Кудай башталыш 2бапта толук түшүндүрүп берет. Биз буга чейин Кудай Адамды кантип жараткандыгын караганбыз, бүгүн болсо Обону кантип жараткныдыгын карайбыз. Анда эмесе башталыш 2баптан Обону кантип жараткандыгын бирге окуйлу Башталыш 2:7: 7Анан Кудай-Теңир топурактан адам жаратып, анын жүзүнө өмүр демин үйлөдү, ошондо ал тирүү жан болуп калды. Демек Кудай адамды жаратканда буга чейин жараткан башка нерселеринен башкача жол менен жараткан. Кудай адамды топурактан жаратып анан ага Өзүнүн демин, Өзүнүн бир бөлүгүн үйлөдү. Ошентип Адам тирүү жан болуп калды, биз буга чейин адамдын денеси ал жашай турган анын үйү ал эми Кудай демин салган Анын жаны анын ички адамы анын инсандыгы экендигин караганбыз. Бул жансыз, Кудайдын демисиз Адам өлүк сыяктуу жаткан эле. Анын денеси, анын үйү даярдалса деле бирок ал тирүү эмес болчу. Андан аркы Башталыш 2:8-9 окуйлу: 8Кудай-Теңир чыгыштагы Эйденге бак отургузуп, ал жерге Өзү жараткан адамды жайгаштырды.9Андан кийин Кудай-Теңир топурактан көрүнүшү жакшы, жегенге жарактуу ар кандай мөмөлүү дарактарды өстүрүп чыгарды. Бактын ортосуна өмүр дарагын жана жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарак өстүрүп чыгарды. Кудай Теңирдин макаты, Анын планы адамды жер үстүнө гана жайгаштырбастан жер үстүнө ал үчүн жашоого абдан ылайыктуу жер болгон. Бул жердин аты Эйден багы болчу. Ал Эйден багында адам үчүн эң сонун нерселер, эң соонун дарактар жана башка эң соонун нерселер болгон. Башталыш 2:10-14 окуйлу: 10Эйденден бакты сугара турган дарыя агып чыкты. . Демек ал жер көзгө көрүнгөн материалдык бир жер болгон. Ал ошол жерден төрт дарыяга бөлүндү.11Биринин аты – Пишон, ал алтын чыккан бүт Хабила жергесин айланып агат.12Ал жердин алтыны да жакшы. Ал жерде жыпар жыттуу чайыр жана агат ташы бар 13Экинчи дарыянын аты – Гихон, ал бүткүл Куш жергесин айланып агат.14Үчүнчү дарыянын аты – Хидекел (Тигир), ал Ашурдун алдынан агып өтөт. Төртүнчү дарыя – Эфрат. Бул эки дарыя бүгүнкү күндө бизге белгилүү демек бул Эйден багы Месопотамияда жайгашкан географиялык жер болгон. Башталыш 2:15окуйлу: 15Эйден багын иштетсин жана сактасын деп, Кудай-Теңир адамды ошол бакка жайгаштырды. Эгемендүү Кудай адамдан сен Эйден багында жашагың келеби? деп сураган эмес, Ал Эйден багын жаратып ошол бакты иштетсин жана сактасын деп адамды ошол бакка жайгаштырган. Башталыш 2:16-17 карайлы: 16Анан Кудай-Теңир адамга мындай деп осуят кылды: «Бактагы ар кандай дарактын жемишинен жесең болот, 17бирок жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын бир гана дарактын жемишинен жебе, анткени андан даам таткан күнү өлүп каласың». Бул 18 аят абдан маанилүү кийинчирээк кайрылып келебиз, бирок мен андан ары окуйун. Башталыш 2:19-20: 19Кудай-Теңир топурактан талаа жаныбарларын, асман канаттууларын жаратып, аларды кандай атай тургандыгын көрүү үчүн, адамга алып келди. Ар кандай тирүү жанга ал кандай ат койсо, анын аты ошондой болду. 20Адам бардык малдарга: асман канаттууларына, талаа жаныбарларына ат койду, бирок ага ылайык жардамчы табылбады. Демек адамдын алдынан бардык жандыктар, бардык жан жаныбарлар өтүп жатканда алар өз түрү боюнча болчу, Кудай аларды өз түрү боюнча жынысы боюнча эркек жана ургаачы кылып жараткан. Адам алардын ар биринин түгөйү бар экенин а бирок өзүнүкү өзүнө ылайыктуу түгөй жок экенин көргөн. Адам жаныбарлар дүйнөсү андан төмөн экенин көргөн анткени адам алар менен сүйлөшө алган эмес, ал алар менен өзү менен теңдүү мамиле кура алган эмес. Бардык жаратылган дүйнө андан төмөн эле ал эми Кудай андан жогору болчу, ошондуктан албетте ал Кудай менен сүйлөшө алган бирок Кудай аны менен тең эмес болчу Ал андан жогору болгон. Адам жалгыздыкты жон териси менен сезген, анткени ага ылайык жардамчы табылган эмес.

Смотрите также