Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот: Сайт: Instagram: / jakshykabar Facebook: / jakshykabarmedia Twitter: / jakshykabar Бүгүн биз ишенимдин пайдубалы атуу сабактарыбыздын 4 бөлүгүн баштайбыз биз сиздер менен адам кантип күнөөгө баткандыгын, тыйуу салынган дарактын жемишинен жеп алып Кудайга тил албастык кылгандыгын көрдүк. Адам жамандык менен жакшылыкты тааныта турган дарактын жемишинен жеп алар замат, анын жасоосуна күнөө, күнөөлүү сезим, уялуу сезими коркунуч сезими киргендигин көрдүк.адам ушундай кылуусу менен биринчи жолу Кудай менен мамилеси үзүлгөндүгүн, бузулганын сезди. Ошентип ал Кудайдан жашына баштады, кичинекей бала же наристе туура эмес иш кылып коюп, өзүнүн айыптуу экенин сезип, ата-энесине көрүнгүсү келбей алардан жашына баштайт. Ошол сыяктуу эле адам дагы өзүнүн күнөөсүн сезип Кудайдан жашына баштаган. Анткени ал өзүнүн айыптуу экенин өзүнүн туура эмес иш кылганын түшүнгөн жана сезген. Эми болсо адам Кудай менен болгон мамилеси бузулганын түшүнгөн жана муну Кудай да билген, адам Кудайдан ажыраганын билген жана бул ажыроо күнөөнүн кесепети экенин, бул күнөө качып кутулгус нерсе экенин түшүнгөн. Каарасаңыздар бул жерде бир маанилүү нерсе бар, бул жерде Кудайдын чыныгы масштабы жөнүндө маанилүү фактор бар, мен буга чейин Кудайдын масштабтары, Кудайдын эрежелери же Кудайдын ченемдери жөнүндө айткам, Кудайдын түбөлүктүү масштабтары, Кудайдын рухий ченемдери булар өзгөрүлгөс нерселер. Алар биз элестеткенден, биз түшүнгөндөн таптаквр башкача болот. Мисалы күнөөгө байланыштуу масштабтарды, ченемдерди карасак, адам күнөөнү адеп ахлактын негизинде чененйт, ошондой эле баардык соттордо, баардык диндерде адамдар күнөөгө адеп ахлактын негизинде баа беришет. Мисалы алар адам жөнүндө жаман ойлоо албетте бул туура эмес, бирок бул али чоң күнөө эмес деп ойлошот. А эгерде ал адамды урушса анда бул албетте жаманыраак дешет, а эгерде ал адамды токмоктоп, сабап салышса анда бул андан да алда канча жаман нерсе дешет, а эгерде ал адамды өлтүрүп койсо анда бул абдан коркунучтуу нерсе, ал адам бул үчүн өтө чоң жаза алышы керек деп эсептешет. Адамдар кылымыш ишине адеп ахлактын ченеминде баа беришет. Ал эми Кудай күнөөнү адеп ахлактын негизинде ченебейт. Анын ченеми таптакыр башкача, муну түшүнүш үчүн Кудайды түшүнүш үчүн биз Кудайдын адамга болгон мамилесин карашыбыз керек. Адам күнөөгө батканда, эгерде анын күнөөсүн адеп ахлактык ченем менен ченесек ал чоң деле күнөө кылган эмес. Ал жерден Адам менен Обо көп жемиштен 100 жемиш эмес 1 эле жемиш жешкен, балким экөө бир бирден жемиш алгандыр жана бул моралдык ченем менен алганда чоң деле кылмыш эмес, жана карасаңар Кудай аларды өлүм менен жазалашы керек болгон. Бул кичинекей кылмыш үчүн өлүм менен жазалаган бул эмне деген коркунучтуу Кудай? Атүгүл ата-эне балдарын алар мындай күнөөнү күн сайын кылышса да мынчалык катуу жазалабайт, апасы конфет сатып келип, балдарына тийбегиле кечинде атаңар менен чоогу жейбиз деп, сервантка катып коюп кетип калды, а баласы болсо сервантты ачып бир конфет алып алды, кийинчирээк апасы муну байкап калды, бирок бул үчүн ал баласын өлтүрүп койбойт да, албетте баланын бул иши жакшы эмес бирок моралдык ченем менен ченегенде бул чоң деле кылмыш эмес. Адам дагы моралдык ченем менен ченегенде ал чоң деле кылмышткылган жок, ал эч кимди өлтүргөн жок, эч кимди тоногон жок, эч кимди зоордуктаган жок, эч кимдикин уурдаган жок бирок Кудай күнөөгө кандай карайт, эмне үчүн Ал моралдык ченем менен караганда кичинекей эле күнөөнү өлүм менен жазалайт? Анткени бул күнөө эмне экенидигине Кудайдын масштабы Анын ченеми таптакыр башкача болгон. Бул учурда күнөө моралдык ченемге байланыштуу болгон эмес. Күнөө деген адам өз ойунда Кудайдан көз карандысыз болгондугун чечкендигинде болгон. Качан адам Кудайдан ажырагандан кийин анын кесепети болуп бардык күнөөлөр келген, киши өлтүрүү, аракечтик, бузукулук жана башка бардык коркунучтуу күнөөлөр адамдын Кудайдан ажырагандыгынын кесепети болгон. Адамдын Кудай менен болгон мамилеси бузулуп ал Кудайдан көз карандысыз болуп калды. мына ушу эң коркунучтуу күнөө, анткени бул өлүмгө алып келет, бул денелик гана өлүм эмес бул Кудайдан түбөлүк ажыроо ыйык китеп муну тозок деп атайт, ошондуктан Кудай адамдын эң чоң күнөөсүн моралдык ченемдин негизинде ченебейт, Кудайдын көз алдында деле моралдык оор күнөөлөр болот.