Тарбиянын негизги элементтеринин бири - ата текти билүү болуп саналат.

Жети ата түшүнүгү кыргыздарда ата текти билүүгө байланышкан генеалогиялык түшүнүк. Ата тегин билүү адам баласынын кийинки муунга камкордук болуу менен бирге никелик мамилелерди жөнгө салып, элдин генеалогиялык тазалыгын сактап калуу жана биологиялык популяциясына, өсүп-өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзгөн фактор болуп саналат. Андыктан бул түшүнүктө каада-салттык баалуулук сыңары диний баалуулук дагы өзгөчө маанилүү. Себеби дин институту бардык мусулмандарды бир тууган деп эсептегени менен адеп-ахлактуу коом жаратууда ата-тектин тазалыгын сактоого да көңүл бурган. Бул жерде ата-теги менен мактануу же урпагы менен сыймыктануу сыяктуу фанатизмге алып барчу ойлордон оолак болуу гана керек. Бул эфирде ата-тектин тарбия процессиндеги орду жана маанилүүлүгү - улуттук жана диний баалуулуктар аркылуу талдоого алынган.

Смотрите также