Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Энеден өткөн мээрим, атадан өткөн таасир жок. Тарбиянын негизги факторлору үй-бүлө жана жакын чөйрө
Учурдагы коомдогу актуалдуу маселелердин бири үй-бүлө маселеси. Үй-бүлө – бул коомдун баштапкы ячейкасы, маданияттын булагы, улуттун каада салтын, нарк-насилин, тажрыйбаларын, мурасын, тукум улантуунун чөйрөсү. Үй-бүлөдөгү баалуулуктар, өз ара мамилелер, психикологиялык жагымдуу жагдайлардын болушу, муундар аралык мамилелер, адамдар ортосундагы карым-катнаштар, байланыштар, үй-бүлөнүн экономикалык, социалдык абалы, көз-караштары, билим берүүгө кам көрүүсү канчалык деңгээлде болсо, коомдун абалы да ошондой болот. Ошондуктан үй-бүлөнүн баалуулугун сактоо ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн милдети. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат”,- демекчи адам турмуш жолунда пайдалана турган баардык маалыматтарды үй-булөдөн алат. Демек, келечек балдардын колунда деп айтуу менен биз өлкөнүн тагдыры, үйбүлөнүн руханий, социалдык, экономикалык жана тарбиялык жактан камсыздалышына көз каранды экендигин эске алышыбыз керек.