Азаттык: Кечки радио эфир | 15.09.2024

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун даярдады жана ал коомдук талкууга коюлду. Документте коррупция беренеси менен соттолгон жарандардын мамлекеттик кызматтарда иштешине өмүр бою тыюу салуу каралган. Ошондой эле андай адамдардын жакындары, жакын туугандары дагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт. Бул берене менен кармалгандарга жаза катары айып пул салуу жагы алынып салган. Күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген чыгымды төлөп бергенден кийин дагы берилген жаза мөөнөтүнүн теңин өтөп бүтмөйүнчө абактан бошотулбайт. _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также