Азаттык: Кечки радио эфир | 08.11.2024

Тышкы иштер министрлиги Орусияга барууну пландап жаткан жарандарга кайрылып, Орусиянын тиешелүү органдарынын эрежелерине көңүл бурууга чакырды. Министрлик түзгөн нускамада Орусиянын чек арасынан өткөн жарандар документтерин алдын ала даярдап алуулары жана "белгилүү убакытты талап кылган кошумча текшерүүлөргө" даяр болуусу керектиги айтылат. Министрлик текшерүүдөн соң Орусиянын чек ара кызматы өлкөгө киргизүүдөн баш тартуусу мүмкүн экенин да эскертти. "Россия Федерациясына чек ара аркылуу киргизүүдөн баш тарткан учурда жаранга мындай чечимди кабыл алууга негиз болгон тиешелүү документ берилет, Эл аралык келишимдерге ылайык, Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынган адамдар авиакомпаниянын жоопкерчилигине өткөрүлүп берилет. Бул адамдар орто эсеп менен 1-3 күндүн ичинде кийинки рейс менен келген өлкөгө кайра жөнөтүлөт. Бул мезгилде авиакомпания аларды суу жана тамак-аш менен камсыз кылат", - деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта.
_____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также