Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылындагы Дыйкан орто мектебинин окуучулары коридордо билим алууга аргасыз болушууда. Жаңы мектеп куруу үчүн мугалимдер 20 жылдан бери бийликке кайрылышканы менен майнап чыккан эмес. Бул аралыкта 200 орундуу билим уясында окуучулардын саны 600го жеткен. Ушул жылы гана өлкө башчы тарабынан колдоого алынып, 375 орундуу типтүү мектептин курулушу башталды.